Бейшемби, 16.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Өзгөн районунда 108 айылдын 51 айылы таза суу менен камсыздалган

16:17 15.04.2026
0
Өзгөн районунда 108 айылдын 51 айылы таза суу менен камсыздалган
Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун тургундары жана активи менен жолукту.

Мамлекет башчысы жашоочулардын алдында сөз сүйлөп, айыл чарбасы региондун азык-түлүк коопсуздугун, калк үчүн жумуш орундарын камсыз кылуучу жана региондук дүң продуктунун көлөмүнүн олуттуу бөлүгүн камсыз кылуучу тармак экенин белгиледи. “Жер иштетүүдө сугат суусунун мааниси чоң. Андыктан, район аймагындагы сугат суу көйгөйүн чечүү үчүн насостук станциялар жана суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүү иштери жүрүп жатат. Райондогу Жаман-Адыр массивин суу менен камсыздоо боюнча 2 этаптан турган куруу иштери пландалган. Ал эми Ак-Турпак каналын реабилитациялоо үчүн долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Зергер дарыясында БДРдин курулушу жана Куршаб-Сай суу сактагычынын курулушу боюнча изилдөө иштери жүргүзүлөт”, — деди президент.

Ал Өзгөн районунда 108 айылдын 51 айылы таза суу менен камсыздалганын кошумчалады. 57 айылдын 22синде таза суу системаларын калыбына келтирүү боюнча курулуш жумуштары быйыл башталды. Мындан тышкары Өзгөн шаарын таза суу менен камсыздоо жана саркынды суулар системасын жана саркынды сууларды тазалоочу курулмада курулуш иштери аяктап, пайдаланууга тапшырылган.

“Райондогу жолдорду жакшыртуу максатында 2025-жылдын январь-сентябрында республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, облустук жана райондук өнүктүрүү фонддорунун эсебинен 124 чакырым жол салынды. Быйыл 71 км жол оңдолуп-түзөлмөкчү. Өткөн жылы райондо 44 социалдык объектинин курулушу бүткөрүлсө, быйылкыга 20 обьект салуу мерчемделүүдө”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал билим берүү тармагы боюнча авариялык абалдагы 7 мектептин экөөндө, бир катар бала бакчаларда курулуш иштери жүрүп жатканын айтты. Мектептердеги адистерге муктаждыктарды коңшу мектептен мугалимдерди айкалыштырып иштөөгө тартуу, мугалимдерди кайра даярдоо курстарынан өткөрүп, экинчи адистикке ээ кылуу жолдору менен чечилип жатат. “Саламаттыкты сактоо объектилерин куруу жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо маселесин ырааттуу түрдө чечебиз. Жогоруда айтканымдай, Өзгөн райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 350 орунга ылайыкталган жаңы имаратынын курулушу менен таанышып келдим. Мындан сырткары, Ынтымак айылында ФАПтын курулушу жүрүп жатат”, — деди ал.

Президент туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, калктын социалдык абалын жакшыртуу жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жашоо деңгээлин көтөрүүгө жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө шарт түзөрүн айтты. Ушул максатта аймактарга иш сапарлар уюштурулуп жатат. Жолугушуу андан ары суроо-жооп форматында уланды.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Президент: «Ноокатта 5 жылда 123 чакырым жолго асфальт басылыптыр. Дагы 91 чакырым жолдун оңдоп-түзөө иштери башталат»

Президент: «Ноокатта 5 жылда 123 чакырым жолго асфальт басылыптыр. Дагы 91 чакырым жолдун оңдоп-түзөө иштери башталат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:38 16.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 15-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокат районунун тургундары жана активи менен жолугушту. Мамлекет башчысы...

Маматалиев Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады

Маматалиев Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:43 16.04.2026
0

Кечээ, 15-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Стамбул шаарында Казакстандын парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкө...

Садыр Жапаров: «Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген»

Садыр Жапаров: «Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:55 15.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа районунун тургундары жана активи менен жолугушту. Мамлекет башчысы...

Байсаловдун ордуна Маматканов келди

Байсаловдун ордуна Маматканов келди

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:44 15.04.2026
0

Улан Маматканов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Буга чейин...

БШК № 19 шайлоо округу боюнча Улан Сариевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

БШК № 19 шайлоо округу боюнча Улан Сариевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:37 14.04.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-апрелдеги жыйынында Сариев Улан Алмасбековичти № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Мурдагы тышкы иштер министринин иши боюнча жаңы фактылар аныкталды

Мурдагы тышкы иштер министринин иши боюнча жаңы фактылар аныкталды

14:48 15.04.2026
Садыр Жапаров: «Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген»

Садыр Жапаров: "Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген"

15:55 15.04.2026
Кыргыз футбол союзу Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди

Кыргыз футбол союзу Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди

16:10 15.04.2026
КФБ президентинин кызматына талапкерлер көрсөтүлбөгөндүктөн, шайлоо өткөрүлгөн жок

Ташиев: "Эки жыл иштеп, өзүмө айлык же сый акы катары бир сом акча алган жокмун"

11:49 16.04.2026
Президент: «Ноокатта 5 жылда 123 чакырым жолго асфальт басылыптыр. Дагы 91 чакырым жолдун оңдоп-түзөө иштери башталат»

Президент: "Ноокатта 5 жылда 123 чакырым жолго асфальт басылыптыр. Дагы 91 чакырым жолдун оңдоп-түзөө иштери башталат"

11:38 16.04.2026
Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

09:52 16.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү