АКШ Кыргыз жарандарынын укуктарынын абалына тынчсызданууда

2020-жылы Кыргызстанда адам укуктарын коргоодо солгундоо болгонун айтып АКШнын Мамлекеттик департаменти тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бүгүн, 31-мартта маалымат таратты.

Анда кыргызстандыктардын адам укуктары боюнча жылдык баяндамасы өтүп, кыргыз жарандарынын укуктарына тынчсызданууга бир нече себеп бар экени айтылган. Биринчи себеп катары укук коргоочу Азимжан Аскаровдун Бириккен улуттар уюмунун бошотуу тууралуу талабына карабастан, кыргыз бийлиги тийиштүү чараларды көрбөй, жыйынтыгында анын каза болгондугу белгиленди. Ошондой эле өзбекстандык журналисттин Кыргызстандын милдеттенмелерине карабастан, өлкөдөн чыгарылып салышы. Аны менен катар 2020-жылдын 8-мартында улутчул топтордун жарандык активисттерге жана феминисттерге кол салуулары, укук коргоо органдарынын жарандык коомдун өкүлдөрүнө жана журналисттерди кысымга алуулары мисал катары берилди. Мындан улам, АКШ бийлиги жогоруда айтылган ар бир окуяны иликтеп, тийиштүү чара көрүүгө чакырды.

Аны менен катар элчи Дональд Лу өлкөнүн жаңы өкмөтү терс тенденцияны токтоторуна үмүттөнөрүн билдирди. “Биз Садыр Жапаров баштаган жаңы бийлик адам укуктарын коргоодо жана адам укуктарын тебелегендерди жоопко тартууда күч-аракетин эки эсе көбөйтүү үчүн жарандык коомду, укук тартибин коргоо органдарын, адам укугун коргоочу уюмдарды жана сот тутумун бириктирет деп үмүттөнөбүз”, — деди ал.