Аксы окуясында 6 жараныбыз окко учуп, дагы 79 жараныбыз жаракат алган

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип, «Аскар Акаев кызматтан кетип жатканда Бакиев жана Атамбаевден айырмаланып, эч ким курман болгон эмес» деген пикирин билдирди.

Бирок 2002-жылы Аксыда тынч митингине чыккан элге ок атылып, 6 бейкүнөө жараныбыз окко учуп, 79 адам жаракат алганын, ал жаракаттан улам кийин бир нечеси дагы көз жумганынан көп убакыт өткөн жок.

Дал ошол Аксы окуялары Аскар Акаевдин бийликтен кубаланышына негиз түзгөн «Жоогазын революциясынын» башаты болгонун саясий серепчилер көп ирет далилдешкен.

Эми минтип Аскар Акаев өзүн «сүттөн ак» сезип, экс-президент статусун өзүнө кайтарып алуу аракетине Жогорку Кеңеш кандай чечим кылары жакында билинмекчи.

P.S. Жакында эле генерал-полковник Камчыбек Ташиев СССР урагандан кийин Кыргызстандын көптөгөн байлыгы ошол Акаев бийликте турган кезде коррупциялык схемалар менен тонолуп кеткенин, анын себебинен миллиондогон Кыргыз жарандары «итке минген» абалда калганын айтты эле. Бул «эрдиги» үчүн да элден куулган Аскар Акаев «сүттөн ак» болуп чыгабы?