Акылбек Жапаров: «Бала бакча, мектеп, оорукана салам дегендерге жерди бекер беребиз»

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Алимбеков бала бакча маселесин көтөрдү.

«Бала бакча маселеси өтө оор абалда. Мектептер курулуп, бала бакчаларга көңүл бурулбай жатат», — деди депутат.

«Бала бакча, мектеп, оорукана салам дегендерге жерди бекер беребиз. Бирок кийин өзгөрүп кетпеши керек. Бала бакча баштап, мейманкана салган болбойт», — деди Акылбек Жапаров.