Акылбек Жапаров: «Баткенди бир эмес, эки жолу оңдоп ордуна койдук»

«Баткенди бир эмес, эки жолу оңдоп ордуна койдук» деди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. 

«Сөздүн ачыгын айтуу керек, пандемиянын кесепети, батыштагы кырдаал, климаттык өзгөрүүлөр, ал түгүл Баткен окуялары сыяктуу ар кандай кыйынчылыктарга карабастан, президентибиз сиздердин тармакка мүмкүн болушунча көбүрөөк көңүл буруп жаткандыгын баса белгилеп кетем. Баткенди бир эмес, эки жолу оңдоп ордуна койдук. Капчыгайды, Достукту бүтүрдүк!» — деди ал.