Акылбек Жапаров депутаттарды каникулдун башталышынын урматына сый тамакка чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин депутаттарын каникулдардын башталышынын урматына сый тамакка чакырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Акылбек Жапаров парламенттин каникул алдындагы акыркы жыйынына президент Садыр Жапаров келерин билдирди. Ал жыйындан кийин саат 20:00дө депутаттар тамактанаарын белгиледи. Бирок салтанаттуу иш-чара кайсы жерде өтөөрүн Министрлер кабинетинин башчысы тактаган жок.