«Күтпөй эле койгула». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутат Дастан Жумабековдун «презентацияңыз «мен мындан ары иштебейм» дегендей, коштошуп жаткандай болуп калды» дегенине жооп берип жатып билдирди.
«Презентация эмдиги жылы мындан да жакшы болот. Бул эми Кудайдын буйругу, анан президенттин чечими. Садыр Нургожоевич «буюрса, эң көп убакыт иштеген премьер болосуз» деген. Ошого жакындап калды», — деди Акылбек Жапаров.