Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Ташкентке барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Өзбекстандын Ташкент шаарына барды. Аны Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортунан Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Жумуш сапарынын алкагында Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы Эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына, ошондой эле Ташкент эл аралык III инвестициялык форумуна катышат. Иш-чаралардын алкагында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт, ошондой эле энергетика, курулуш компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.