Акылбек Жапаров: «Жыл аягына чейин 204 мектеп жана 49 бала бакчанын курулушун аяктоо пландаштырылууда»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Боз-Бармак айылында жалпы орто билим берүү мектебинин курулушуна капсула салды. Ал белгилегендей, жыл аягына чейин республика боюнча 204 мектеп жана 49 бала бакчанын курулушун аяктоо пландаштырылууда.

Бул мектептин ачылышы менен 3 чакырымдан ашуун алыс жайгашкан коңшу айылда буга чейин билим алып келген мектеп жашындагы балдарды камтууга шарт түзөт.

Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы ичүүчү суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоонун жүрүшү менен таанышты. Райондун жашоочулары ичүүчү суунун жоктугу боюнча бир нече ирет кайрылышкан, ага байланыштуу ичүүчү суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоого республикалык бюджеттен 68 миллион сом бөлүү чечими кабыл алынган. Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан 200 метр тереңдиктеги артезиан скважинасы казылып жатат, оңдоо иштери аяктагандан кийин 4 500дөн ашуун адам таза суу менен камсыз болот.