Акылбек Жапаров: «Жылдын аягында 16,2 миллиард сом каражатыбыз калды»

Координацияланган финансылык, фискалдык жана акча-кредиттик саясаттын, жаңы ишканаларды ишке киргизүүнүн натыйжасында ИДПнын номиналдык көлөмү — 919,4 миллиард сомду, же өсүш 107 пайызды түздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Ал белгилегендей, консолидацияланган бюджеттин номиналдык өсүшү 190,6 миллиард сомду, же 177 пайызды түздү, ошол эле учурда салыктык кирешелер 229 миллиард сомго, же 100,5 пайызга өстү.

«Эки жылда өсүү темпи 214 пайызды, же номиналдык жактан салыктык кирешелер 2 эсеге көбөйдү. Тартыштык 13,5 миллиард  сомду түздү. Айлык, пенсия-пособиелерди көтөрүп, курулуштарга, айыл чарбасына, өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыздоого, мамлекеттик карызды тейлөөгө олуттуу каражаттарды жумшаганыбызга карабастан, жылдын аягында 16,2 миллиард сом каражатыбыз калды, анын ичинде бюджеттик каражаттар 9,9 миллиард сомду түзөт», — деди Акылбек Жапаров жана 2023-жылы республикалык бюджет 500 миллиард сом өлчөмүндө бекитилгендигин кошумчалады.