Акылбек Жапаров: «Кудай буюрса, кыштан аман-эсен чыктык»

Токтогул ГЭСиндеги 2-гидроагрегат декабрдан тартып ишке кирди жана 60 МВт кошулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңеште билдирди.
“Быйылкы жылдын кышынан, кудай буюрса, аман-эсен чыктык. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2023-жылдын 1-октябрында 11,7 миллиард кубду түзсө, 1-апрелге карата 7,3 миллиард кубга чейин түштү”, — деди ал.