Акылбек Жапаров: «Кыргыз өлкөсүнүн Кытай менен мамилеси тарыхта болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жетти»

Бүгүн, 25-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасына биринчи жолу расмий сапары менен келген Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

“Ушул жыл биздин эки тараптуу мамилелерибиз абдан активдүү болгонун канааттануу менен белгилегим келет. Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине чыгарууга салым кошконун белгилей кетейин. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасы менен мамилелери эки тараптуу кызматташуунун тарыхында болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жетти деп айтууга болот”, – деди ал.

Өз кезегинде Ли Цян бул расмий жумуш сапар эки тараптуу кызматташтыкты жана жакшы коңшулук мамилелерди бекемдеп, тереңдетет деген ишенимин айтты.

Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цян кечээ, 24-октябрда Кыргызстанга келген. Аны аэропорттон Акылбек Жапаров тосуп алган болчу. Ли Цян эртең, 26-октябрда Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.