Акылбек Жапаров менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ушул жылдын жыйынтыгы боюнча кыргыз-америка кызматташтыгы активдешкендигин, атап айтканда, жогорку деңгээлдеги сапарлардын жана Борбордук Азия-АКШ саммитинин жыйынтыгында канааттануу менен белгилешти. Министрлер кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасы АКШ менен эки тараптуу мамилелерди узак мөөнөткө чыңдоого кызыкдар экенин баса белгиледи. Тараптар келерки жылы экономикалык, маданий жана билим берүү чөйрөлөрүндө бир катар тармактарда кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Өз кезегинде элчи эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады. Ал эки мамлекет башчыларынын Борбордук Азия-АКШ саммитинин алкагындагы жолугушуусун жогору баалап, бул жолугушуу кыргыз-америкалык мамилелерди чыңдоого жана илгерилетүүгө түрткү болот деген ишенимин билдирди. Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты, жашыл энергетика жана климаттын күн тартиби жаатындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурушту.