Акылбек Жапаров: «Мугалимдер колуна 70 миң сом алып жатышат. Карапайым калк мындай акчаны көргөн эмес»

Мугалимдер колуна 70 миң сом алып жатышат. Карапайым калк мындай акчаны көргөн эмес. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 1-июлда Салык кызматынын кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн иш-чарада айтты.

Ал бүгүнкү күндө салык саясатынын аркасында мамлекеттик кызматкерлерге жеңилдиктерди жана жакшы маяналар бериле баштаганын эске салды.