Акылбек Жапаров: «Өзбекстан менен чек ара тынчтык жолу менен чечилди»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен жана Ош облустарында Тажикстандын куралдуу агрессиялык актысынын натыйжасында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи отурумун өткөрдү.

«Мамлекет башчысы Баткен облусундагы кырдаалды күн сайын көзөмөлдөп турат. БУУнун сессиясына катышуусу мындан 6 ай мурун белгиленген. Президент дүйнөлүк бийик трибунадан биздин аймакка агрессивдүү басып кирүү болгондугун жарыялады. Карапайым элге ок атылып, көпүрөлөр жардырылды, жолдор тосулуп, үйлөр талкаланып, тонолгон, айрым жарандар өзгөчө ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн. Өзбекстан менен чек ара маселеси тынчтык жолу, сүйлөшүү жолу менен чечилди. Биз кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы 200 чакырым талаштуу аймактарды чечүү үчүн бардык күч-аракетти жана потенциалды жумшайбыз. Кандай жол болбосун биз элдин тынч жашоосун камсыздоо үчүн чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин чечебиз», — деди ал.