Акылбек Жапаров: «Президент базарларга “даярданууга” убакыт берди»

«Президент айткандай, салык төлөөнү өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу катары кабыл алышыбыз керек». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

“2019-жылы салык кызматы 78,2 миллиард сом жыйнаса, 2023-жылы 183,5 миллиард сом чогулткан. 2019-жылы Бажы кызматы 43,3 миллиард сом чогултса, 2023-жылы белгиленген план 107 миллиард сомго аткарылды. Бажы кызматы биринчи жолу 100 миллиард сомдон ашырды”, — деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле, көзөмөл-кассалык аппараттарын, ЭТТНди ишке киргизүү боюнча иштер улантылаарын кошумчалады.

«Президент базарларга “даярданууга” убакыт берди. Биз карапайым соодагерлерге тийбейбиз, тескерисинче, аларга бардык шарттарды түзүп берүүгө даярбыз. Биздин максат – “базар киттеринин” бетин ачуу”, — деди Акылбек Жапаров.