Акылбек Жапаров “Росатомдун” башкы директору Алексей Лихачев менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочи шаарына (Орусия) болгон жумуш сапарынын алкагында «Росатом» атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачев менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелерин, анын ичинде уран калдыктарын рекультивациялоону, аз кубаттуу атомдук электр станцияларын жана өзөктүк медицинаны талкуулашты. “Уран казып алуу өнөр жайынан жапа чеккен мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо” мамлекеттер аралык максаттуу программанын ийгиликтүү ишке ашырылып жатканына канааттануу билдирилди.

Акылбек Жапаров калдык сактоочу жайлар менен байланышкан көйгөйлөрдү республикалык жана аймактык деңгээлде комплекстүү чечүүгө багытталган иштерди улантуу зарылдыгын белгиледи. Ага “Росатом” атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясынын башкы директору өлкө аймагында аз кубаттуу атомдук электр станциясын куруу долбоорун иштеп чыгуунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Кызматташтыктын бул багыты боюнча консультацияларды улантуу макулдашылды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен “Росатом” атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясынын ортосунда саламаттыкты сактоо тармагында энергетикалык эмес атомдук технологияларды колдонуу жөнүндө кызматташуунун өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Меморандумга ылайык, бул документ Кыргыз Республикасында жогорку технологиялык медициналык долбоорлорду биргелешип өнүктүрүүгө багытталган. Атап айтканда, Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында онкологиялык жана башка ооруларды диагностикалоонун жана дарылоонун прогрессивдүү ыкмалары колдонула турган радиофармацевтикалык дарыкана жана молекулярдык визуализация борбору түзүлөт.