Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, президенттин иштери боюнча министри шейх Мансур бин Заед Аль-Нахайян менен жолукту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн учурдагы абалы жана келечеги талкууланган.
БАЭнин “Masdar” компаниясы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында күн электр станциясын куруу долбоору, ошондой эле бир катар инвестициялык долбоорлор белгиленди. Ошондой эле, тараптар биргелешип түзүлгөн “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ачык акционердик коомунун мындан ары иштөө маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.