Акылбек Жапаров Сочи шаарына барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйналыштарына катышуу үчүн Сочи шаарына (Орусия) жумуш сапары менен барды.

Жумуш сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Евразия экономикалык биримдигинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын катышуусу менен ишкер программанын бир катар башка иш-чараларына катышат. Мындан тышкары, ал III Евразия конгрессинин пленардык жыйынында сөз сүйлөп, “Евразия – биздин үй” эл аралык көргөзмөсүнө катышат.

Акылбек Жапаров жумуш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.