Акылбек Түмөнбаев: «Токтомду аткарбаса, Акылбек Жапаровду элдин алдына салып беребиз!»

Депутат Акылбек Түмөнбаев комитет жыйынында Айыл чарба министрлигине болгон нааразычылыгын билдирди. Ар картошка маселесин көтөрүп, эл сата албай, жер төлөдө чиригенин айтты. 

Анын айтымында, эл картошканы 5 сомго да сата албай, малга берип жатышат. «Дыйкандарга жер иштетүүгө насыя берип жатасыңар, коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүп, картошканы сатууга мүмкүнчүлүк түзүп бербесеңер, алган насыяны кантип төлөйт? Биз токтомдорду колдоп эле келе жатабыз. Токтомду аткарбаса, Акылбек Жапаровду элдин алдына салып беребиз», — деди ал.