Депутат: «Акыркы 20 жылда жол кырсыктарынан 20 миңден ашуун адам каза болду»

Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов жол кыймылынын коопсуздугу боюнча, ИИМдин ишмердүүлүгүнө байланыштуу баяндама окуду.

«Акыркы убакта өзүңүздөр көрүп жатасыздар ИИМдин кызматкерлери жарандарыбызды атып өлтүрүп коюп жатат. Бул боюнча эч кандай маалыматтар жок. 16-августтан 24-августка чейин 29 жараныбыз жол кырсыгынан көз жумду. Согуш убагында да мындай болгон эмес. Кыргызстанда акыркы 20 жыл ичинде өлкөдө 106 миң 986 жол кырсык катталган. Анын ичинен 20 миң 47 адам каза болгон. Мындан тышкары, майып болуп, жаракат алгандар — 169 миң 51 киши болуптур. Балдардын катышуусунда 26 миң 773 кырсык катталган», — деди ал.

Анын айтымында, жол кырсыктын көп катталуусу автомектептерде айдоочулук күбөлүктүн сатылышына барып такалат. «Өлкөдөгү 275 автомектептин 135и талапка жооп бербейт, бирок алар иштеп жатат», — деди депутат.