«Ал жакта баа 2-3 эсе арзан». Депутат Кордай менен чек араны ачтыруу сунушун берди

Депутат Нурбек Тотонов өкмөткө Казакстан менен сүйлөшүп, Кордай менен чек араны ачтыруу сунушун берди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айтты.

«Чек арага барып, сүрөткө түшкөндөн маселе чечилбейт. Казакстан менен сүйлөшүп, жок дегенде Кордай менен чек араны ачтырып койсок, биздин жарандар барып, баштыктап болсо да, азык-түлүк сатып келип турат эле. Ал жакта баа бизге караганда 2-3 эсе арзан. Ортосу 20 чакырым. Азыр Казакстан менен, Кордай менен чек ара жабык турат. Качан ачылат, сүйлөшүү болуп жатабы?»— деди Тотонов.

Депутатка учурда Казакстан менен чек ара ачык экенин, бирок пандемиядан улам казак тарап жүктөрдү  өткөрүп, жарандардын өтүүсүнө тыюу салганын билдиришти.

«Бизде күнүнө 100дөн ашык жаңы учурлар чыгып жатат. Казакстанда вирус жуктургандар бизден көп. Ошондуктан адамдардын эркин кирип-чыгуусу азыр кооптуу болуп турат. Эпидемиологиялык абал жакшырса, албетте сүйлөшөбүз», — дешти ТИМ өкүлдөрү.