«Алар Нарындын этин жешкен». Депутат кыргыз балбандарынын ийгилигинин «сырын» ачты

«Мен депутаттардын көңүлүн спортчуларга бурайын дедим эле. Бүгүнкү күндө болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетип жатат». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев кезектеги жыйында билдирди.

«Норвегияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык спортчулар алтын, күмүш, коло медаль алып атышат. Рахмат айтышыбыз керек. Үчөө тең нарындыктар экен. Нарындын этин жеп атып, дүйнөдө өзүн көргөздү», — деди ал. Депутат ошондой эле автобекеттин жанында жайгашкан интернатка спорт зал курууну бийликтен суранды.