Төрага Марлен Маматалиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгына тиешелүү маселелерге токтолушуп, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатындагы ойлору менен бөлүштү.
Эки элдин бир туугандык жана достук мамилеси жылдан-жылга бекемделип жатканын белгилеген Төрага мында эки өлкө башчыларынын кошкон салымы чоң экенине токтолду. Ошондой эле парламенттер аралык байланыштар да жигердүү өнүгүп, эки тараптуу жолугушуулар байма-бай өтүп жатканын айткан Марлен Маматалиев: «Бүгүнкү жолугушуубуз калыптанган кызматташтыктын кеңейишине жаңы дем берет деген ишеничтемин. Биз парламенттер аралык диалогду тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун деңгээлинде да улантууга кызыкдарбыз. Айрыкча мамлекеттерибиздин ортосунда жетишилген келишимдерди колдоого алып, боордош эки элдин мамилесин бекемдөөгө көмөк көрсөтүүбүз кажет», – деди.
Андан тышкары, Жогорку Кеңештин төрагасы билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы өнөктөштүктү өрчүтүү зарылчылыгына токтолуп, кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүү сунушун берди. Өз кезегинде Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, эки элдин парламенттер аралык байланышын чыңдоо багытында тыгыз иш алып барууга даяр экендигин билдирди. Муну менен бирге акыркы жылдары алакалар активдүү жүргүзүлүп жатканын белгилеген Нуман Куртулмуш кыргыз парламенти белек кылган боз үй Улуу Улуттук Жыйындын короосунда тигилгенин жана ага кызыккандар арбын экенин жүйө келтирди.
«Андыктан руханий баалуулуктары жакын, боордош эки элдин кызматташтыгын бардык багыттарда өнүктүрүп, маданий-гуманитардык кызматташтыкты да жигердүү улантышыбыз керек», – деген Нуман Куртулмуш дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүү сунушу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн кошумчалады.
Жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 млрд АКШ долларына жеткирүү максаты коюлганы тууралуу айтылып, тараптар экономикалык жана инвестициялык багыттагы алакаларды арттыруу керектигине да токтолушту.