Алга Кылычов: «Жээнбековдор өлүмдөн да акча жасаган бетсиз болуп жатпайбы»

Сооронбай Жээнбековдун акыркы 4 айында эле 600 миллион доллар максатсыз жок кылынды. Бул туурасында КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычов «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Учурда Жээнбековдор кылган көп кылмыштардын бети ачылып атат. Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган акыркы 4 айда эле 600 миллион доллар кумга сиңген суудай жок болду. Кадимки эле 3 сомдук бет капты өкмөт өзү 25 сомго сатып алып атса, 1 сом 50 тыйындык бахила 150 сом болуп атса, булар өлүмдөн да акча жасаган бетсиз болуп жатпайбы. Эл ошону түшүнүшү керек.

Андан тышкары «Кумтөрдү» өкмөт башчынын колу менен Асылбек Жээнбеков башкарган. Түздөн-түз саткындык менен, чыккынчылык менен түзүлгөн келишимдин бети ачылган атат. Анысы аз келгенсип, Жараткандын улуу үйү делген муфтияттын ажылыкка делген акчасын «Биримдикке» жумшаганынын беттери ачылды. Булар эми дин иштерине мамлекет кийлигишпейт деп актанып жатышпайбы. Анда эмнеге кийлигишпеген диний иштердин акчасын алып атат. Мамлекет башчы мыйзамды бузуп, кызматынан кыянаттык менен пайдаланып атат», — деди Алга Кылычов.