Алмамбет Шыкмаматов: «Фейктердин жазганынан улам бир депутат ооруканага жатып калган»

Фейктердин жазгандары жаш депутаттарга аябай оор тийет. Ушунун айынан бир депутат ооруканага жатып калган. Бул тууралуу «Саясий коктейль» берүүсүнө саясатчы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

«Ооруканага жатып, эмне болду десе «аябай жамандап, калпты жазып коюптур» да. Актанам деп жатып, нерв болуп, ооруп… Кийин сурасам күлөт, «ал жөн эле май турбайбы» деп», — деди ал.