Алмамбет Шыкмаматов Салык кызматынын жетекчиси болду

Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан ырасташты.

Алмамбет Шыкмаматов 2023-жылдын сентябрынан 2024-жылдын июнуна чейин Мамлекеттик ипетакалык компанияны жетектеген. Июнь айынан бери президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси эле.