Алматыда өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында кайсы документтерге кол коюлду? Тизме

Казакстандын Алматы шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары тарабынан бир катар документтерге кол коюлду.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген форматтагы жыйынында кол коюлган документтер:

— «2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 40-беренесине ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагындагы жооп кайтаруу чараларын пайдалануу механизми жөнүндө маселе боюнча баяндама тууралуу» маселеси алкагындагы тапшырма;

— «Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдүн деңиздеги өткөрүү пункттарындагы электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү концепциясы жөнүндө» чечим;

— «Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы селекциялык асыл тукум иштерин координациялоо жана аналитикалык камсыздоо тартибин бекитүү жөнүндө» чечим;

— «Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдөгү макроэкономикалык абал жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздоо боюнча сунуштар тууралуу» буйрук;

— «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын мүчөсүнүн талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө» буйрук;

— «Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү орду жана убактысы жөнүндө» буйрук.