Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Мамбетов 2021-жылдын августунан бери Ош шаарынын мэри болуп иштеп келген. Ага чейин ал Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгын жетектеп келген.