Шакиев Билим берүү министрлигин экиге бөлүү керектигин айтты

“Алтын баштуу министрди дайындасак да тармакты толук алдыга жылдыра албайт”. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Нурланбек Шакиев билдирди.

Ал Билим берүү министрлигин экиге бөлүүнү сунуштап жатканын айтты. «Агартуу министрлиги деп өзүнчө бөлүү керек. Ал мектепке чейинки билим, мектеп, лицейлерди карайт. Себеби бул оор тармак. Азыр бир министрлик бардык билим берүүнү камтыйт. Алтын баштуу министрди дайындасак да тармакты толук алдыга жылдыра албайт. Муну бөлүш керек. Мен өкмөткө, президентке айттым», — деди ал.