Алтынбек Эргешов президенттин Нарын облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Ашимбаев Сабыркул Абасович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Президенттин жарлыгы менен Эргешов Алтынбек Калдарович президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.