Алтынбек Жумаев Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды

Алтынбек Жумаев Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

«Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Жумаев Алтынбек Токтомуратович Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.