Алтынбек Рысбеков энергетика министринин орун басары болуп дайындалды

Рысбеков Алтынбек Дурусбекович Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы кол койду. Ал буга чейин Министрликке караштуу «КУЭТ» ААКнын башкы директору болчу.

Ал эми министрдин мурдагы орун басары өз каалоосу менен кызматтан бошотулду.