Алымкадыр Бейшеналиев менен Курманкул Зулушев ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилди

Алымкадыр Бейшеналиев менен Курманкул Зулушев тергөө мезгилине ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилди. Тийиштүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет деген күнөөсүздүк презумциясынын конституциялык принцибин, ошондой эле иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принцибин көңүлгө алып, саламаттыкты сактоо министри менен башкы прокурордун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелерди эске алып, Баш мыйзамдын 66, 71-беренелерин жана 89-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып:

— саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кылмыш жасаганга шектүү деп кармалганга байланыштуу ал тергөө мезгилине ээлеген кызматынан убактылуу четтетилсин,

Курманкул Зулушев башкы прокурору кызматынан тергөө мезгилине убактылуу четтетилсин.