АКШ Райымбек Матраимовдун камалышын жана кармалышын кубаттады

АКШ Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата коррупция жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо фактысы боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, камакка алынгандыгын кубаттайт. Бул билдирүү АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин Твиттердеги баракчасында жарыяланган.

«Биз Кыргызстандын укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып барууга даярбыз. Уурдалган мүлктөрү тастыкталса, аларды кыргыз элине кайтарып берүүгө даярбыз», — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.