Апта сереп: Жапаров чөнтөгүм жука деп буга чейин шайлоого барган эмес. Азыр калыңбы?

Бүгүн күнгө жекшемби, 15-ноябрь. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан биринчи митингден бери 1 ай 10 күн, Сооронбай Жээнбековдун отставкага кеткенине туура 1 ай өттү, президенттик шайлоого 2 айга жетпеген убакыт калды.

Бир жагынан алып караганда, аз эле убакыт өткөнсүйт, бирок окуялардын жыштыгынан улам, өтө көп убакыт өтүп кеткендей туюлат. Өтө көп убакыт өткөндөй сезимден улам да ар бир күн, ар бир апта, ар бир ай үчүн жыйынтык чыгарып туруу маанилүү болуп чыга келет.

Бул жума ичи президенттикке талапкерликти көрсөтүүнүн алкагында жаңылыктар талкуу чордонунда болду. Башкы фавориттердин бири Садыр Жапаровдун да ошого жараша күн тартибинде маселелери көп болуп, Нарынга барып убадаларды жаадырууга, журналисттерге маалымат жыйын берүүгө, элчилерди кабыл алууга, бир эмес, бир канча президенттер менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө, майда-чүйдө кызматтарга дейре дайындоолорго кол коюуга, айтор бардыгына үлгүрүүгө жетишти көрүнөт. Анда эмесе, ушул жана башка окуяларга карата чогуу “Апта серепте” саресеп салып көрөлү.

***
Жума медиа коомчулуктун агынан жарылуусу менен башталды. Бир катар медиа уюмдар Садыр Жапаровду журналисттердин ролун ачык таанууга чакырып, анын жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге карата айткан сөзү тынсызданууну жаратканын билдиришкен. Тагыраагы анын сөзү, демек позициясы Кыргыз өлкөсүндөгү сөз эркиндигине коркунуч жаратып жатат дешти.

Борбор Азиядагы чөлкөмдөн алып карасак, Кыргыз өлкөсүнүн сөз эркиндигине коңшулар суктануу менен карашат. Мамлекеттин президенти батыш өлкөлөрүнө барып калган сапарларда жогорудагы салыштыруу заматта Кыргыз өлкөсү жетишкен баалуулуктардын бири катары бааланып, өлкөнүн аброюна позитивдүү таасир берет. Сөз эркиндиги — демократиялык деп мактанган мамлекетибиздин көзгө басар артыкчылыгы. Ошол эле учурда сөз эркиндигин ооздуктоо аракети айланып келип эле авторитардык режимдин айтылбаган мыйзамдары орной баштаганын билдирип калат. Ооздуктоо деген ар кандай формада болушу ыктымал, кыргыз журналисттери түрдүү президенттин тушунда түрдүү куугунтукка кабылышканы маалым. Бийликтин быкыйын чукуп турган журналисттин оозун жабуу үчүн эң жаманы өлтүрүп коюудан да артка тартпай, бычактап кетүү, миллиондук доого жыгуу, жаап салуу жана башка ушул өңдүү ондогон окуялар орун алган. Бийликтен кеткен соң эң чоң катачылыктарынын бири катары журналисттерге карата чабуул коюу болгонун моюнуна алып өкүнгөн мурдагы президенттер да бар.

Жогорудагы медиа коомчулуктун тынчсыздануусуна карата Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы тарабынан реакция болду. Садыр Жапаров сөз эркиндигин кысымга алууну туура көрбөй турганын, бирок сөз эркиндиги менен катар жоопкерчиликтин да болушу керектигин айткан.

Ушул аптада болуп өткөн маалымат жыйында SUPER TV каналынын башкы редактору Шайиста Шатманова берген суроо да жогорудагы көйгөйдү камтыды. Буга Садыр Жапаров “ажыдаар болбойм, кепилдик берем” деп убада берди.

Бул бөлүктү француз жазуучусу Альбер Камюнун мындай сөзү менен жыйынтыктасак болчудай: “Басма сөз эркиндиги жаман же жакшы болот, ооба, бул туура. Бирок мындан да туурасы жана аныгы – басма сөздүн эркин болбогону бир гана жаман болот”.

***
Маалымат жыйында Садыр Жапаровдун жоопторунун бири коомчулуктун көз жаздымында калып калды. Ал Баткен, Ош, Жалал-Абадга барып келүүсүнүн сырын ачты. Өлкөнүн түштүк аймагына барган себебин ушул башаламандыктан пайдаланып, улуттар аралык жаңжалды чыгарып жиберүүчү күчтөр пайда болгону менен түшүндүрдү. Анын айтымында, 2010-жылы бийликтегилер абалды көзөмөлдөн чыгарып жиберишкен, ал жакка эч ким барган эмес. Андай кандуу калабанын кайталанып кетишине жол бербөө үчүн Жапаров профилактикалык максатта эл менен көзмө-көз жолугуп, диаспоралар менен жабык эшик артында көрүшүп сүйлөшкөнүн айтты. Бирок ал өтө кооптуу иштин артында турган күчтөр кимдер экенин айткан жок.

Июнь окуясы кыргыздын эгемен тарыхындагы кара так бойдон калат. Улуттук комиссиянын маалыматы боюнча, бул коогалаңда 500дөй адам набыт болгон. Ал эми көз карандысыз булактар каза болгондордун санын мындан бир канча эсеге көп беришкен. Алардын ар биринин өмүрү ошол мезгилде бийлик башында тургандардын абийиринде экендиги талашсыз. Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан кеткен Кеңешбек Дүйшөбаев менен Садыр Жапаровдун бири-бирине болгон кайым жооп айтышуусу да бекеринен эмес. 2010-жылы Апрель окуясынан кийин Дүйшөбаев УКМКны жетектеп турган. Жапаров дал ошол Апрель окуясы жана Июнь окуясы боюнча Дүйшөбаев жооп берчү адам деп эсептейт.

Учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти Камчыбек Ташиев жетектейт. Ал Июнь окуясында эл аралап жаңжалды басаңдатууга салым кошкондордун бири. Революцияны ишке ашырган КСДП же “Ата мекен” эмес, ошол учурда реваншисттик делген “Ата журт” партиясынын 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо эң көп добуш алуусун да ошол салымга байланыштырышат. Жогорку Кеңешке келген соң Ташиев баштаган фракция тополоңго жол бергендиги үчүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү  жоопкерчиликке тартылышын бир нече жолу көтөрүп чыккан. Ал учурда мындан майнап чыккан эмес.

Арадан 10 жыл өттү. Кеп кимдин кимдин заманы келди дегенде деле эмес. Кеп ошол окуянын кайталанышына, эки элдин кагылышына кызыкдар күчтөрдүн бардыгында. Мындай күчтөр менен мейли көзмө-көз, мейли жабык эшик артында сүйлөшүү жолу аркылуу эмес, отко май тамызууга жеткирмек мындай турсун, мындай кооптуу күчтөрду чартактап кетишин күтпөй, түп тамырынан жулуп жок кылуу зарыл.

***
Кечээ, 14-ноябрда жарым түнгө дейре Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткүсү келгендердин арызын, документтерин кабыл алды. Бул жагы да кыргызча болуп, тойго чакыруу кагазында жазылган убакыттан кечигип барган сыяктуу эле тээ мына-мына аз калды дегенге чейин маалкатып жүргөндөрдүн күнү болду. Баш-аягы 65 талапкерден документтер келип түшкөн, анын тең жарымы эки апта мурда башталгандан тарта арызын жеткирсе, калган жарымы кечээ гана БШКнын босогосун атташты. Алардын катарында Садыр Жапаров да бар. Атүгүл саналуу мүнөттөр калганда ошол эле күнү эртең менен тапшырган документтерин кайтарып алып, арызын түнү кайра берди. Себеби ал президенттин милдетин аткарууну спикерге тапшырып бергени, өкмөт башчылык ыйгарым укуктарын токтоткону кечинде гана маалым болгон.

Жалпы талапкерлерге келсек, 65тин ичинен экөө арызын кайтарып алышкан. Калган 63түн 62си өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен, ал эми бирөө саясий партия тарабынан президенттикке көрсөтүлгөн. Талапкерлердин 8и аял, 55и эркек. Арыз менен документтерди БШКга жеткирип коюу – бул биринчи гана кадам. Алдыда аларды кыргыз тилинен сынак тапшыруу, соттуулугун аныктоо, 1 миллион сомдон турган күрөөнү тапшыруу, 30 миң кол чогултуу деген сыяктуу миссиялары турат. Ушундай электен кийин гана талапкер катары катталышат, ага чейин 63түн арасы бир топ сээлдейт.

Талапкерликке кимдер көрсөтүлдү? Садыр Жапаровго башкы атаандаш болот делген “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров. Мадумаров буга чейин 2017-жылдагы президенттик шайлоодо добуштардын саны боюнча үчүнчү орунду, 2011-жылдагы президенттик шайлоодо экинчи орунду алган. 2010-жылдагы жана 2015-жылдагы парламенттик шайлоолордо анын партиясы саналуу добуштардан улам парламентке кирбей калган. Эми мына өттү, эми мына Күн тийди дегенде, тагыраагы 4-октябрдагы шайлоону айтып жатканым, анын жыйынтыгы нааразычылыктардан улам жокко чыгарылды. “Бүтүн Кыргызстан” бийликчил 3 партиядан кийин эле эң көп добуштарды алганына карабай нааразы болуп чыккан партиялардын катарына бат эле кошулуп, аянтка кошо чыкканы белгилүү.

“Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаевге жана “Биримдик” партиясынын тизмесинде 2-катарда шайлоого барган Улукбек Кочкоровго келсек, экөө тең элдин талабы менен бийликтен куулган Сооронбай Жээнбековдун тушунда бийликчил партиялардын башында тургандар. Жээнбеков атүгүл отставкага кеткенге чейин бийлигин бекемдөөгө аракет кылып жаткан кадамдарынын биринде Исаевди парламенттин спикерлигине алып келди. Жээнбеков кетери менен Исаев да креслодон түшүп, Текебаев айткандай, кресло кайтарууга Жапаровдун өз адамы келди. Ал эми Кочкоров өзү айткандай кызматтан алынып калганын интернеттен билип, ал да креслодон кол жууган.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин да талапкерликке өзүн көрсөткөнү талкууга түштү. Асанов менен Жээнбеков Кой-Таштагы окуялар жана бир ай мурдагы окуялар боюнча кылтакка илинүү болсо, ал эми кызматтан кеткенден бери эл көзүнөн оолак жүргөн Сегизбаевдин талапкерлердин тизмесине кошулуп калуусу кылтакка илингени жатабы деген суроону туудурду. Талапкер болуп катталуу бул бир жагынан айрымдарга иммунитет экенин эске сала кетели. Жакынкы бир ай ичинде эмне болуп кетерин болжоого мүмкүн эместей, президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкканга дейре окуялар жүз жолу өзгөрөрү бышык. Шайлоого катышкандардын 50 пайызынан көбүнүн добушун алган талапкер гана жарыштан утуп чыгат. Утуп чыгуу үчүн эмне керек?

2011-жылы Садыр Жапаровдун “Супер-Инфого” берген маегинде ошол эле кезде досу Камчыбек Ташиев тарабынан президенттик шайлоого катышууну сунуштаганын айткан жайы бар. Ал сунушка рахмат айтып “президенттик шайлоого катышуу үчүн даярдануу зарыл, ачыгын айтканда, чөнтөк калың болуш керек” деген. Чөнтөктүн калыңдыгы канчалык маанилүү болбосун, ал баарын чечпей турганын соңку шайлоо көрсөттү. Бир эле №2 формасы менен добуш берем дегендер жарым миллионго чейин жетип, 1 паспорт үчүн 2 миңден 5 миң сомго чейин сунуштаганы кадыресеге айланды. Акчасы аз партиялар бул өңдүү көйгөйлөрдү айтып, бийликке көзүңдү ач деп коңгуроо какканына карабай, алар шайлоочулардын өздөрү сатылып жатканын жоё албайт экенбиз деп кол куушурушту. Жыйынтыгы эмне болду? Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынан орун аларына бөркүндөй ишенген партиялар банкрот болушту. Бул кийинки шайлоого чамынып жаткандарга сабак болобу, же дагы бир баскан тырмоок болобу?..