Аптага сереп: Матраимов УКМКны «уктатып» кеттиби?

Бүгүн күнгө жекшемби, 6-декабрь. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан биринчи митингге 2 ай 1 күн болуп, президенттик шайлоого Жаңы жылды эсепке алуу менен 1 ай эле калды десек болот.
Матраимовдун төлөнүп бүтө элек 2 миллиард сому… Атамбаевдин ишинин кайрадан кароого жиберилиши… Конституциялык палатанын көбүнө күтүлүп эле жаткан, бирок азына күтүүсүз болгон чечими… Новиковдун мамлекеттик мекемелердин бири-бири менен чырдашууга жеткирген иш сапары…
Ушул жана башка окуялар жума ичинде көп сөз болуп, көп сындалып жатты. Анда эмесе, мунун баарына “Апта серептин” жетинчи чыгарылышында саресеп салып көрөлү.

***
Ким кимди “уктатып” кетти? Матраимов УКМКны “уктаттыбы” же УКМК Жапаровду “уктаттыбы”? А элчи? Эл кимисине алданып калды?
Сөз башынан болсун. Бийлик олку-солку болуп, тагыраагы 8-октябрда ошол учурга карата түрмөдөн чыгып, өкмөт башчы болуп шайланды деп айтылган Садыр Жапаров эл алдында “Кудайды карап туруп айтайын, эч кимиси (ред.Матраимову) менен сүйлөшкөн жокмун жана сүйлөшпөйм дагы… Раим-миллион камалат. Мен азыр толук ишке киришкен жокмун. Киришкенден кийин камалат” деген. Жапаровдун бул убадасын тарапташтары уралап кабыл алышкан. Эки аптага жетпеген убакыттын ичинде Сооронбай Жээнбеков президенттиктен кетип, Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп, досу Камчыбек Ташиевди УКМКга төрага кылып алып келип, 20-октябрда УКМК Райымбек Матраимовду кармады деген бомба маалыматты таратты. Кармады деген эле аты болбосо, кармоонун өзү УКМКнын бет маңдайындагы бензин куюлган жайда орун алганы коомчулук тарабынан “шоу” деген пикирлердин жайнашына негиз болуп берген. Ошол эле күнү УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке 2 миллиард сом зыян келтирди деп шектелип жатканын, аны шектүү төлөөгө макул болгонун жана 80 миллион сомун дароо которгонун маалымдаган. Калган сумманы Матраимов ноябрь айынын аягына чейин бюджеттин эсебине которорун УКМК билдирген болчу. Ошол эле күнү кечинде соттун чечимине ылайык, тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде камакка алынган эмес. Башында камалат деп, анан камалбай калганы үчүн Садыр Жапаровго Матраимов боюнча бир канча жолу комментарий берүүгө туура келген. Ал биринчиден, камакка албоо саясий чечим болгонун моюнуна алган, демек, соттук иштерге муктаждык жаралса, кийлигише аларын билдирип койгон. “Түрмөдө кармап, аны баккандан эмне пайда, андан көрө кустуралы” деген таризде позицияга өткөн Садыр Жапаров журналисттерге берген маалымат жыйынында  «Матраимов мамлекеттен алганын, мыйзамсыз байыган мүлктөрүн, акчасын Кыргыз өлкөсүнө алып келип берейин деп айткан» деген. Эми жыйынтыкка келсек, ноябрь го бүттү, атүгүл декабрдын бир аптасы өттү, бирок жогоруда сөз болгон 2 миллиард сомдун жарымы да төлөнө элек, үчтөн бирин араң ашып өттү. Дегиле бул сумманын өзү да чоң талкууну жараткан. Алмазбек Атамбаев президенттиктен кеткени сур булут айлана баштаган Райымбек Матраимовдун аты аралашкан журналисттик иликтөөлөрдөн кабары бар коомчулук үчүн 2 миллиард сом эшектин да тушоосун чечпегендей сумма көрүнгөн. Ал эми ошол эле иликтөөлөрдөн улам туура бир жыл мурда, туура ушул күнү УКМКга сурак берип чыккандан кийин “700 миллион доллар эмес, 7 тыйынына дагы тиешем жок” деген Райымбек Матраимов үчүн азыркы кырдаалда саясий соодалашууну 100 эмес, 200 пайыздык кепилдиги менен туура жүргүзүү баасы турат. Себеби бул ишке өтө чоң оюнчулар аралаша баштагандай кадамдар ташталды.
АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги социалдык тармактагы баракчасы аркылуу “Тергөө жана өкүм уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана кыргыз элинин нанын уурдагандарды адилеттүү жоопко тартууга өбөлгө түзөт” деген билдирүү жарыялады. Мындайча айтканда, элчилик Матраимовго карата кылмыш ишинин козголушу гана эмес, анын соттук ишке ашышын, соттун алдында жооп беришин, ага карата өкүм чыгарылышынын четин чыгарып жатат. Пост менен эле калып калбай, АКШнын элчиси Дональд Лу кечээ билдирүү жарыялады. Айтымында, Матраимовго байланыштуу кадамдар – бул иштин башы гана. “Бул мафия тууралуу Голливуддун киносуна окшош. Бирок сиз бул тасма эмне менен бүтөрүн азырынча билбейсиз”, — дейт элчи. Ушул өңдүү эле маселе АКШнын элчиси Дональд Лунун Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен болгон жолугушуусунда көтөрүлдү. Анда АКШнын эл аралык кылмыштуу торлорду жок кылууда Кыргыз өлкөсүнө жардам берүүгө даярдыгы айтылды. Элчинин айтымында, АКШнын укук коргоо органдары уюшкан кылмыштуулуктун ири фигураларынын иштерин иликтөөдө көмөк көрсөтүүнү сунуш кылат. Кыргыз бийлиги АКШнын сунушуна эмне деп жооп берет?.. Баш тартабы же макул болобу? Өзүң өлөсүң же атың өлөт дегенге тете тандоо болчудай…

***
Атамбаевдин ишинде жылыш болду. Жогорку Сот буга чейин бир нече жолу судья ооруп жатат деген негизде карабай келип, ушул аптада мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата Батукаевдин иши боюнча чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарды. Бөгөт чарасы тууралуу бир ооз сөз жок, бирок иш кайрадан биринчи инстанцияга жаңыдан кароого жөнөтүлдү.
Жогорку Сот берген түшүндүрмөгө ылайык, Атамбаевди үй камагына чыгаруу же абакта калтыруу маселеси бул ишти жаңыдан карай турган райондук соттун отурумунда чечилчү маселе. Ал эми мурдагы президенттин адвокаттары башкача пикирде. Ага карата соттун башка бөгөт чарасы жок, демек, аны камакта кармоого да негиз жок, соттун чечими жок болсо, жаранды тергөө абагында же түрмөдө кармоо мыйзамсыз дешет алар. Жогорку Соттун чечими жарыяланган учурдан тартып дароо күчүнө кирет жана анын токтому бардык мамлекеттик органдары тарабынан аткарылышы милдеттүү делгени менен ортодон дээрлик бир апта өттү, бирок андан майнап чыкпай жатат. Бул аралыкта кечээ, 5-декабрда Атамбаевдин тарапташтары бир жакшы кабар, бир жаман кабар алышты. Тагыраагы мурдагы президенттин жан сакчысы Канат Сагымбаев үй камагына чыгып, ал эми кеңешчиси Фарид Ниязов 10-февралга чейин камакка алынды. Жогорку Сот Атамбаевге карата чыгарган өкүмдөрдү жокко чыгарганына карабай, жок дегенде, шайлоого чейин анын түрмөдө отура туруусу кимге пайда алып келиши мүмкүн?

***
Конституциялык палата ага ишеним артып жаткандардын үмүтүнө суу септи. Андай үмүттүн жаралышына кандайдыр бир деңгээлде палата өзү да шарт түзүп коюп, а бирок тарыхый чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жиберди көрүнөт.
Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев 4-ноябрда Венеция комиссиясына кайрылып, анда ал конституциялык реформаны жүйө келтирип, парламенттик шайлоону жылдырган Жогорку Кеңештин чечими  боюнча аталган комиссиядан бүтүм чыгарып берүүнү суранган. 18-ноябрда Венеция комиссиясы буга байланыштуу «Конституциялык палата шайлоону жылдыра туруу тууралуу мыйзамды Баш мыйзамга дал келбейт деп таанышы керек. Эч кандай форс-мажордук негиз да жок болчу» деп жооп берген. 2-декабрда Конституциялык палата дал ушул маселени карап, сунуш иретинде гана күчү бар Венеция комиссиясынын бүтүмүнөн алып караганда, теңирден тескери чечим чыгарды. Тагыраагы Конституциялык палата парламенттик шайлоону жылдыра турууну мыйзамдуу же Баш мыйзамдын беренелерине каршы келбейт деп тапты.
Мындан ары кандай болот? Жогорку Кеңештин талаш жараткан мыйзамына ылайык, адегенде конституциялык реформа өтөт, андан кийин гана парламенттик шайлоо болот. Бул аралыкта “Апта серептин” өткөнкү чыгарылышында учкай сөз кылып кеткендей эле референдумду бир эмес, эки жолу өткөрүү реалдуулукка жакындап бара жатат. Бул аптада Акылбек Жапаров референдум тууралуу мыйзам долбоорун палатага чейин алып чыгып, бирок кворум жок болуп калганы үчүн гана чагылгандай тездик менен кароого келип калган документ тыным алып калды. Аны кабыл алуудагы башкы аргумент мындай болуп жатат: “30 жылдан бери элден бир да жолу сурай элекпиз. Биринчи жолу сурап көрөлү. Элге кандай башкаруу керек? Парламенттикпи же президенттикпи?”. Угуп турсаң да, уккан кулагыңа, көрүп турсаң да, көргөн көзүңө ишенбегендей эле жорук. Буга чейинки Баш мыйзамдын тогуз жолу өзгөртүлүшү, бийликтин үч жолу тактан куулушу кимдин катышуусу менен болгонун эсине акыркы эки айда эле жара чыккандар унутуп койгон сыяктуу. “Орок оро албаган орок тандайт” болбой, бийлик элге жоопкерчиликти арта салууну токтотпосо, эртең өтө кеч болуп калганын аңдабай да калат…

***
Өткөн аптада өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков “Чалдовар” өткөрүү пунктуна барып, коррупцияны азайтуу аракеттери жүрбөй жатат деп айрым кызматтардын ишине нааразы болгон.

«Салык кызматына 15-ноябрдан баштап товарларды эсепке алуунун пилоттук тутумун киргизүү боюнча конкреттүү тапшырма берилген. Бирок жабдуулар орнотула электигин көрдүк. Бүгүнкү күндө товарлардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөгөндөрдүн ар биринин маалыматтары ар кандай», — деген Новиков.
Буга карата Салык кызматы жооп таратып, анда белгиленген мөөнөттө бардык иштер аткарылганын, аталган кызматтан тышкары бул ишке 8 мамлекеттик органдын өкүлдөрү жооптуу экенин айтышты. Ал эми видео көзөмөл жоктугу боюнча бул иш Салык кызматына эмес, Чек ара кызматына тапшырылганын кошумчалашты. Чек ара кызматынын жообу да көпкө күттүргөн жок, алар Салык кызматын коомчулукту адаштырып жатат дешти. Транспорт жана жолдор министрлиги болсо, өз тарабынан система үзгүлтүксүз эле иштеп жатканын, маалыматтардын баары сакталуу экенин билдирди. Айтор, баары ак, баары таза, бирок иш ордунан кыймылдабай турат. А балким, коррупцияны азайтуу аларга керек эместир? Азырынча  өкмөт тараптан Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн сөгүш менен кутулганы маалым болду…