Аптага сереп: Төрт-Күл, Үңкүр-Тоо, Сох… Чек араны чечүүгө бул кыргыз бийлиги даяр эмеспи?

Бүгүн күнгө жекшемби, 14-март. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына 5 айдан, Садыр Жапаровдун президент болуп шайланганына 2 айдан ашуун убакыт өттү. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жана ошол эле күнгө өтүүсү дайындалган жаңы Конституция боюнча референдумга 1 айдан аз убакыт калды. “Аптага серептин” бул чыгарылышында жаңы Баш мыйзамга багыт алган референдум менен Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган сапарынан кийин чыккан чуу тууралуу саресеп салууну туура көрдүк.

Эки күн мурда президент Садыр Жапаров жаңы Баш мыйзам боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзамга кол койду. Ал мыйзам 11-мартта​​​​​ Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды. 5 ай мурда 5-октябрда “Ала-Тоо” аянтына чыккан элдин койгон талаптарынын арасында Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек же такыр эле жаңы Конституция кабыл алуу зарыл деген жок болчу. Мындай демилгени биринчи болуп 10-октябрда парламенттин жыйынында ал учурда экинчи ирет өкмөт башчы болуп шайланган Садыр Жапаров айткан эле. 30-октябрда өкмөттүн алгачкы кеңейтилген жыйынында Баш мыйзамды өзгөртүү эң оболу коррупцияны жоюу үчүн шарт түзүүгө байланыштуу экени айтылган. Андан ары бул талкуу күчөп отуруп, жыйынтыгы 10-январда мамлекетти башкаруу формасынын президенттик болуп тандалышына, 11-апрелде президенттик башкаруунун толугу менен күчүнө киришине алып келгени жатат.

10-январда өткөн референдумга келсек, Жогорку Кеңеш мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун эки күн ичинде шашылыш кабыл алып берген эле. Анда депутат Өмүрбек Текебаев баш болуп, бул мыйзам долбооруна каршылыгын катуу билдирип, эл өкүлдөр Дастан Бекешев, Рыскелди Момбеков, Каныбек Иманалиев, Айсулуу Мамашова, Наталья Никитенко төш болуп, каршы добуш берген эле. Баарынан кызыктуусу мыйзам долбоордун биринчи окуусу, кийинки экинчи жана үчүнчү окуусуна да ага чейин дайыны белгисиз болуп жаткан депутат Асылбек Жээнбековдун добуш берүүгө катышканы болгон. Бул сапар мандатына байланыштуу соттук иштер башталгандан бери парламенттин жыйындарына басып келүүдөн баш тарткан Текебаевдин ролун депутат Жанар Акаев аткарды. Дастан Бекешев мурдагы эле позициясынан жазган жок, Каныбек Иманалиев менен Айсулуу Мамашова добуш берүүгө катышпай койсо, Рыскелди Момбеков менен Наталья Никитенко каршы деп добуш беришти. Парламентте добуш аркылуу позиция билдирүүнүн баасы оголе кымбат. Анын четин депутат Жанар Акаев жыйында айтып өткөнү маалым. Андыктан добуш берүүгө катышпай койгон айрым эл өкүлдөрүн санай кетүү да ашыкчалык кылбайт. Мыктыбек Абдылдаев, Мирлан Жээнчороев, Канатбек Исаев, Ирина Карамушкина, Аида Касымалиева – булардын баары буга чейин жаңы Баш мыйзамга каршылыгын билдирип келе жатышкандар. Баса, Алиярбек Абжалиевге кылмыш иши ачылганы себеп болдубу же башкабы, айтор Асылбек Жээнбеков мурдагы жолкусундай курмандыкка барган жок. Бирок бул эффектти УКМК тарабынан террорчу кармалгандай эле колу кайрылып, кишен салынып, камакка алынган депутат Дүйшөн Төрөкуловдун парламенттин жыйынында пайда болуусу жаратты.

11-апрелде өтө турган референдумда бийлик элден күткөндөй жыйынтык алса, анда Баш мыйзам 11-жолу көйнөгүн алмаштырат. Акаевдин тушунда 5, Бакиевдин кезинде 3, Отунбаеванын учурунда 1, Атамбаевдин бийлигинде 1 жолу конституциялык реформа жүргөнү маалым. Баш мыйзам канча жолу жаңыланганына, ал өйүз-бул өйүз болгонуна карабай, өлкөдөгү азыркы абал жана кырдаалдын өзү Конституциянын кезектеги өзгөрүүсү реалдуу өзгөрүүгө алып келбейт деген жыйынтыкты өзү эле чыгарат…

***
Жакынкы күндөрү чек ара боюнча чыр дагы ырбаганы турат. Буга чейин Улукбек Марипов премьер-министрликке көрсөтүлүп жаткан учурда Төрт-Күл суу сактагычы боюнча оозун ача коём деп, ал Баткен облусунда жана Өкмөт үйүнүн алдында митингдердин өткөрүлүшүнө, Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин реакция кылуусуна алып келип, эми Бишкекте турган бийликтин дарамети жетпей калгансып, Баткен өзгөчө статуска ээ болот деген күнгө жетүүдө. Кезектеги чырга ким май тамызды? Кечээ, 13-мартта президеттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча комментарий жарыялады. Визит бир күн мурда эле аяктаганын жана биринчи жарыяланган маалыматтын өзүн даярдоого бир эмес, эки күн убакыт запаста болгонун баса белгилей кетүү керек. Чек ара боюнча Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоевдин брифинг учурунда маалымат бергенин эки күн мурда эле өзбек жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышкан. Анда өзбек президентинин Ташкент менен Бишкектин чек араны тактоо боюнча маселени үч ай ичинде чечүү ниети бардыгы айтылган. Эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын 85 пайызы такталып бүткөнү, 10 пайызы макулдашылганы 2017-жылы жар салынган болчу.

Галина Байтеректин баштапкы маалыматында “Кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына транспорттук жана аба каттамдарын ачууга даяр. Анклавдын жашоочулары мамлекеттик чек арадан эркин өтүшөт. Өз кезегинде, өзбек тарап Кыргызстанга ушул мезгилге чейин чек ара аймагынын тургундарынын ортосунда талаш жана саясий тирешүү болуп келген Унгар-Тоо аймагын берүүгө даяр” деп жазылган. Бул маалымат жарыяланары менен коомчулукта толтура суроо жаралып, кескин сын-пикирлерге кабылды. Көп өтпөй, жогорудагы жарыяланган маалымат өчүрүлдү, кийин кайра оңдолуп илинди. “Кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына аба каттамдарын ачууга даяр. Өзбек тарап Кыргызстанга ушул мезгилге чейин чек ара аймагынын тургундарынын ортосунда талаш жана тирешүүнү жаратып келген Үңкүр-Тоо талаштуу аймагын талап кылбоого даяр экендигин билдирди” деп түзөтүү киргизилген маалыматта жазылат. Маалымат түзөтүлгөндөн кийин түшүнүксүз жагдайлар дале турат.

Эң оболу, Үңкүр-Тоодон баштайлы. “Берүүгө даяр” деген сөздүн “талап кылбоого даяр” дегенге алмашып калганынын мааниси эмнеде? Түпкүлүгүндө Үңкүр-Тоонун тегерегинде жашаган кыргыздар эзелтен эле аталган аймакты кыргыздарга таандык деп келишери көп айтылып-жазылып келет. Үңкүр-Тоого байланыштуу биринчи чоң чыр 2013-жылы чыгып, анда коңшу өлкөнүн чек арачылары тик учак менен келип конуп, желегин орнотуп, аталган тоодо жайгашкан станцияны 1 апта бою кайтарып жатышкан. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында алар чыгып кетишкен. Экинчи чыр 2016-жылы Үңкүр-Тоо Өзбекстанга өтүп кетти деген кептерден, тагыраагы Үңкүр-Тоону Өзбекстандын аймагы катары көрсөткөн документ жайылып кетишинен улам келип чыккан. Ошол кезде президент болуп турган Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы болуп турган Темир Сариев тууралуу мындай дегени маалым: “Үңкүр-Тоону берип салгыдай Темир Сариевдин башы экөө бекен? Эгер чынында эле берген болсо, анда Сариевдин башы кетет”. Өз учурунда ошол учурда өкмөт тарап кеткен документти калп деп билдирүү тараткан. Ошол эле жылы күз мезгилинде Өзбекстандын учагы Үңкүр-Тоого дагы келип конуп, милиция кызматкерлерин таштап кеткен.

Сох анклавына келсек, бул да чек ара чырлары көп чыккан аймак болуп саналат. Ал эми коридор ачып берүү көп жылдардан бери айтылып келген суранычтардын бири. Эмне үчүн аткарылбай келгени деле белгилүү, эгерде коридор ачылса, анда Баткен менен Лейлек райондору жана Сүлүктү шаары анклавга айланып калышы ыктымал. Айрым саясатчылар Сохко коридор берүүнү улуттук кызыкчылыктарды сатууга барабар деп баалап келишет. Ошондон улам да, өзгөртүү киргизилген экинчи маалыматта транспорттук коридордун алынып калганы ушул жагдайдан эле болду деп түшүнүүгө болот.

Жогорудагы басма сөз катчынын жаңылыштыгы окуянын мындан ары кандай өнүгүүсүнө алып келет? Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарында чек арага тийиштүү маселелер карала турган болсо, анда эмне үчүн Чек ара кызматы өткөрүлүп берген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев делегациянын курамына кошулган жок? Адатта президенттин сапарларынын жыйынтыгына комментарий берүү президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчисине жүктөлөт, анда Дастан Дүйшөкеев эмне менен алек? Комментарий берүү вазыйпасы басма сөз катчыга жүктөлгөн соң, эмне үчүн маалыматтын чек арага байланыштуу бөлүгү дыкат текшерүүдөн өткөн жок? Мунун баары коомчулукта күдүк ойлордун көбөйүшүнө түртөт. 1 тик учак бекер берди, 1 тик учакты оңдоп беришет, 20 Тез жардам унаасын тартуулады деген маалыматтын артында “бекер быштак капканда гана болот” деген реакциянын жаратып жатышы жөн жерден эмес…