Аптага сереп: Жаңы Баш мыйзам кимдин башын жеп тынат?

Бүгүн күнгө жекшемби, 22-ноябрь. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык катары башталган митингден бери 1 жарым айдан ашуун убакыт өтүп, президенттик шайлоого да 1 жарым айдай убакыт калды.

Бул жума Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун коомдук талкууга чыгарылышы, андан жаралган талкуулар кыргыны менен башталып, ошол кыргын менен уланып жатат. Өткөн аптада көңүл борборун ээлеген президенттик шайлоо унутта калып, Конституция “ханституция” атыгып, айтор, колдогондор менен каршы болгондордун салгылашы жүрүүдө. Бул аралыкта доллар кымбаттап кетпеши үчүн Улуттук банк күн сайын АКШнын акчасын сатыкка чыгарып, күндөн күнгө кымбаттаган азык-түлүктүн баасы өкмөттүн шайын алды. Ушул жана башка окуяларга карата “Апта серепте” саресеп салабыз.

***
Бүгүн, 22-ноябрда Бишкек шаарында күндүзү -10 градуска чейин жеткен карандай катуу суук болду. Ага карабай “Баш мыйзам үчүн” деп аталган жөө жүрүш борбор калаанын темир жол бекетинен башталып, “Ала-Тоо” аянтына чейин уланып, баш-аягы бир жарым сааттын ичинде аяктады. Нааразычылык акциясына чыккандар Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө жана референдум өткөрүлүшүнө каршылыгын билдиришти. Алар “Хансыз мекен”, “Биз Ханституцияга каршыбыз”, “Мыйзамдуу өлкө”, “Референдумга жок” жана башка ушул өңдүү ураандарды чакырып жатышты.

Туура 5 күн мурда, 17-ноябрда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору жарыяланган. Ага Жогорку Кеңештин 80 депутаты демилгечи болгон. Референдумду өткөрүү күнүн президенттик шайлоо менен чогуу 10-январга дайындоо сунушталууда. Эки шайлоону бир күндө өткөрүп салуу идеясы Жогорку Кеңеште буга чейин айтылып жаткан эле. 80 депутаттын тизмеси мыйзамга ылайык гана формалдуулук беле же эл өкүлдөрү коомчулуктун сын-пикиринен улам алапайын таппай калыштыбы, айтор кызыктын баары тизме жарыялангандан кийин башталды. Айрым депутаттар окубай эле кол коюп койгон элем деп актанышса дагы бирөөлөрү башка жүйөнү келтирип, авторлуктан жаа бою качып жүрүштү. Ал эми кептин төркүнүндө, Баш мыйзамды өзгөртүү керектигинин артында 5-октябрдан соң бийлик бутактарынын башкы позицияларын ээлеген Садыр Жапаров жана анын командасы турат.

Азыр Конституциянын жаңы долбооруна каршы жана макул болгондор эки топко бөлүнүп, бул эки топтун ташы таразада ары-бери ойноктоп турган кези. Каршы болгон тараптын башкы аргументтери төмөндөгүдөй болуп жатат:  “Биз президенттик башкарууну, бийликтин бир колго топтолуп калганынын азабын көргөнбүз, бир эмес, эки жолу андай диктатордук режимди кулатуу үчүн кан төгүлгөн, ал жолго кайтууга эч кандай акыбыз жок”, “Курултай деген кайдан чыкты? Бул институт киргизилсе, парламенттин эмне кереги бар?”, “Өкмөт башчы дегендин аты эле болбосо, анын эч кандай бийлиги жок экен. Президент аткаруу бийлигине жоопкерчилик алса, анда премьер-министрдин эмне кереги?” деген өңдүү пикирлер айтылып жатат. Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогон тарапка келсек, соңку 10 жылда парламенттик башкаруудабыз деген менен, жыйынтыгында президентке көз каранды болгон, атүгүл Жогорку Кеңештин “чимкирик” деп атыгып кеткен деңгээлине түшкөнү, өкмөт башчылардын кол каптай эле алмашканы, бийлик бутактарынын эч биринин жоопкерчилик албаганы жана башка ушул сыяктуу аргументтерди негиз кылып жатышат.

Каршы жана макул тараптан бирден мисал келтирели. Мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов Баш мыйзамдын жаңы долбоору президентке абсолюттук бийликти берүү менен гана чектелгенин айтып чыкты. «Бул Конституция боюнча бардык бийлик президентке гана таандык, өкмөт башчы болгону кызматынан чегинүү жана президенттик милдетин аткаруучу гана укукка ээ.  Жогорку Кеңештин эч кандай көзөмөл функциясы калган эмес. Мындай башаламан, бийликти узурпациялаган Баш мыйзамды мурда-кийин көргөн эмесмин», — деген Кулов. Ал эми авторлордун бири катары көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакировдун айтымында, Конституциянын жаңы долбоору боюнча парламенттин ыйгарым укуктары сакталат жана өлкөдөгү чарбалык иштерден баштап социалдык-экономикалык маселелер боюнча жоопкерчилик президентте болот. Ал Баш мыйзамдын жаңы долбоору Кыргыз мамлекетин авторитардык өлкөгө айлантат деген ойлорго толук кошула албай турганын “Азаттыктын” берүүсүндө билдирген. «Он жыл парламенттик-президенттик башкаруу системасында жашадык, коалициядан өкмөттөр түзүлүп, урап жатты. Канча деген өкмөт башчы алмашты. А жоопкерчиликти алган бир да коалиция, фракция же бир тарап болгон жок. Бул жерде президентке чарбадан баштап экономикалык жана социалдык саясат, эл аралык мамиле, чек ара жана башка иштердин баары боюнча жоопкерчиликти алуу мүмкүнчүлүгү да, милдети да жүктөлүп жатат», — деген Мирлан Бакиров.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун тегерегинде айтылган дагы бир цитата бул апта ичинде коомчулуктун талкуу чордонунда болду. 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын атасы атыккан Өмүрбек Текебаев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпуевге карата “вы никто” деди. Бир жыл мурда “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов социалдык тармактагы баракчасында агынан жарылган билдирүү жарыялаган. “2010-жылы күзүндө Жогорку Кеңеш төрага шайлоодо накта демократияны, парламенттик башкарууну, жаңы Конституцияны иштетүүдө өзүнүн биринчи кадамын таштаган. Өмүрбек Текебаевди төрагалыкка шайлабай койдук, бул күнү Текебаев утулган жок, демократия утту десек болот. Ошол күнү демократия орноп, парламент бийликке тишин көрсөтүп, өз алдынча башкаруу системасын түзө алды. Бирок ал жакшы көрүнүш көпкө узабады. 2011-жылы Алмазбек Атамбаев президент болуп келгенде биринчи ишин парламентти чөгөлөткөндөн баштады. Ахматбек Келдибековду төрагалыктан алып түштү. Ушул жерде Өмүрбек Текебаевсиз бул план ишке ашмак эмес. Өмүрбек Чиркешович мага таарынбаса керек, бул тарых — өзү жазган Конституцияны өзү талкалай баштады. Жаңы өкмөт башчысы Текебаевге да, Атамбаевге да жакпады, жаштар күчтөнүп кете электе буларды жайлабасак болбойт деген бүтүмгө келип, Өмүрбек Бабановду да премьер-министрликтен айдашты. Ошол күндөн баштап мамлекетте супер президенттик башкаруу орун алды” деп жазган Алтынбек Сулайманов. Бул билдирүүдөгү окуяларды Өмүрбек Текебаев өзү деле Алмазбек Атамбаев менен тирешип жаткан учурда берген маектеринде козгоп кеткен жайы бар. Учурда Текебаев Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы болгондордун бири болуп жатат. Бирок өзү башкы авторлордун бири болгон 10 жыл мурдагы Конституцияны деле саясий соодалашуудан улам садагага чапкан болуп чыгып жатат.

Азырынча конституциялык реформа боюнча өтө узакка өтпөй, өтө тереңге берилбей туралы. Алдыда “Апта серепте” Баш мыйзамдын онунчу жаңы көйнөгүнө, башкача айтканда онунчу ирет өзгөрүлүшүнө көп токтолобуз. Анын үстүнө Садыр Жапаров Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы чыккан ана башынын жүзүн ачам деп убада берген. Баш мыйзам маселесинен улам ким кимдин башын жейт, жакынкы аралыкта көрөбүз…

***
Буга чейин чоң талкуу жаратып келген Жогорку Кеңештин учурдагы 6-чакырылышынын легитимдүүлүгү боюнча маселе, буга байланыштуу талаш-тартыш апта ичинде ого бетер күчөдү. Венеция комиссиясы конституциялык реформаны жүйө келтирүү менен парламенттик шайлоону токтото туруп, анын мөөнөтүн жылдырууну Баш мыйзамга дал келбейт деген бүтүм чыгарды. Жөнөкөй тил менен айтканда, өмүрүн өзү узартып алган Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын азыркы чечимдери келечекте суроо, демек ишенбөөчүлүктү жаратышы ыктымал. Эң эле жөнөкөй мисал — 80 депутаттын Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору боюнча демилгечи болушу… Венеция комиссиясынын корутундусу туура деп кабыл алына турган болсо, анда парламенттик шайлоо 20-декабрда өтүшү керек эле. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы 20-декабрга белгилеген парламенттик шайлоону Жогорку Кеңештин депутаттары жылдырып жиберишкени маалым. Мындан улам, парламенттин алтынчы чакырылыштагы депутаттарынын мөөнөтү 28-октябрда эле аяктаган, алардын азыр иштеп жатышы мыйзамсыз деген сындар бар. Жогорку Кеңештин легитимдүүлүгү суроо жаратса, ал Венеция комиссиясынын бүтүмүнө ылайык, конституциялык реформа жүргүзө албаса, анда Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун тагдыры эмне болот, референдум эмне болот? Учурда иштеп жаткан Конституцияны эл аралык нормаларга жооп берет деп баа берген Венеция комиссиясына Баш мыйзамдын жаңы долбоору жөнөтүлбөй эле референдум дайындалып калабы?..

***

Бул апта ичинде Улуттук банк күн сайын долларды сатыкка чыгарып шайы ооду. Баш-аягы 30 миллион доллардан ашуун каражатты сатты. Улуттук банк доллардын наркы кескин өзгөрө баштаганда сомду колдоо үчүн интервенция жасап келет. Учурда АКШнын акчасынын сомго карата курсу 85 сомдун тегерегин түзүп жатат. Ал эми жыл башында 69 сомдун айланасында болчу.

Доллардын курсуна байланыштуу ушул аптада парламенттик комитеттик жыйында депутат Айбек Алтынбеков премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковго суроо салды. “Силер 2021-жылга доллардын  курсун 79 сомдун тегерегинде берипсиңер. Доллар 100 сомго чейин көтөрүлөт деген божомолдор бар. Анда кандай болот? Карызды төлөөгө каражатты кайдан табабыз?” деди депутат. Артем Новиков суроого кырдаал ар кандай болуп калышы мүмкүн деп гана кутулду.

Доллардын кымбатташы азык-түлүктүн, дегиле базардагы бардык товардын  баасына таасирин тийгизип жатат. Бул жаатта өкмөт жакынкы алты айга айыл-чарба товарларынын айрым түрлөрүн чыгарууга тыюу салды. Мындай чара азык-түлүктүн кескин жетишсиздигине жол бербөө максатында көрүлдү. Аталган тыюу салуу ири жана майда мал-жандыктарга, үй канаттууларына, дан эгиндерине, кумшекерге жана башка айыл чарба продукцияларына тиешелүү. Өкмөттүн чечими канчалык абалга жардам берери белгисиз, анткени контрабанда күчөп кетүү коркунучу да бар.

Саясат менен алышкан бийликтин экономикага да баш оорутууга чамасы чак болуп турат. Бул аралыкта президенттик шайлоону өткөрүүгө бюджеттен 500 миллион сом каралып жатат дешти. Бул референдумду өткөрүүнү кошпогондо… Эгерде анын да өткөрүлүшү дайындалса, тартыштыгы  олчойгондон олчоюп бара жаткан казынанын чыгымын дагы арттырат.