«Арабызда бир орус жараны жок». Нарматова депутаттарга кыргызча сүйлөөнү сунуштады

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова да тил маселесин көтөрдү. Анын айтымында, парламентте бир гана кыргыз тилинде сүйлөө керек.

«Жалпыбызга сунуш катары айткым келет. Биз — Кыргыз мамлекетибиз, мамлекеттик тилибиз — бул кыргыз тили. Ошондуктан, өзүбүздүн тилибизде Жогорку Кеңеште өзүбүз сыйлай билели. Арабызда бир да орус жараны жок, чү дегенде эле, баштаганыбыз туура эмес. Өзүбүздү сыйлайлы, анан башкалардан талап кылалы», — деди ал.

Буга чейин депутат Адахан Мадумаров «Аталасын чыгарбай, же кыргызча, же орусча сүйлөйлү» деген.