Артем Новиковдун ордуна жаңы биринчи орун басар дайындалды

Жунушалиев Айбек Жанышбекович министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

20-майда президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, президент 11-апрелде референдумда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесинин негизинде жарлыкка кол койду.

Буга чейин төраганын биринчи орун басары кызматын Артем Новиков ээлеп келген. Ал бүгүн ээлеген кызматынан бошотулуп, Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды.

Айбек Жунушалиев буга чейин өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенип келген.