Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев кыргыз элине кайрылуу жасап, мекенине кайтуу себептерин айтты. Ал «Кумтөр» долбоору боюнча канадалык тарап менен түзүлгөн келишимге токтолуп, каталарынын атап, кыргыз элинен кечирим сурады.
«Мекенимден алыс болсом да, «Кумтөрдүн» тегерегиндеги окуяларды, айрыкча 2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин көрүлгөн чечкиндүү чараларды көрүп, мен четте кала алган жокмун. Кыргызстанда кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөнүмө карабай, Кумтөр иши боюнча көрсөтмө берүүгө келдим. Мен Кыргызстанда болгон алгачкы күндөрдөн тарта күн сайын суракка барып, тергөөчүлөргө көрсөтмө берип келем. Мага көп суроолор берилди, кылмыш ишинде камтылган көп сандагы документтер көрсөтүлдү», — деди ал.
Акаевдин айтымында, Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин, өлкөнүн президенти катары анын алдында бир катар маанилүү стратегиялык милдеттер турган. «Бул өзүбүздүн улуттук валютабызды, улуттук финансылык системаны түзүү жана алтын-валюта ресурстарынын туруктуу жана ишенимдүү булагы менен камсыз кылуу. 1992-жылдын декабрында Кумтөр долбоору боюнча Канадада биринчи канадалык Камеко корпорациясы менен башкы келишимге кол коюлган, ал өлкө үчүн маанилүү долбоорду ишке ашырууну баштаган. «Кумтөр» долбоорун түзүү менен биз ага чоң үмүт арттык жана канадалык тарап менен ийгиликтүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегине ишендик. Кыргызстан бул долбоордон алда канча көп экономикалык пайдаларды күткөн. Тилекке каршы, баары биз каалагандай болгон жок», — деп эскерет Акаев.
Анын айтымында, Кумтөр боюнча башкы келишимге кол коюлгандан бери, кыргыз тарап көптөгөн жеңилдиктерди берди, анын ичинде канадалык тараптын кызыкчылыгында улуттук кызыкчылыктарга зыян келтирди.
«Бул фактылардын бири — Камеко корпорациясынын Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан салыктардан мыйзамсыз бошотулушу, анын ичинде Кумтөр долбоорун башкарууну Канадалык тарапка өткөрүп берүү. Натыйжада кыргыз тарап дивиденддерден тышкары республиканын бюджетине ири салыктык кирешелерсиз калды. Менимче, бул өкмөттүн гана эмес, мамлекет башчысы катары менин да катам, анткени мен Кумтөр долбоору боюнча чечимди кабыл алып, өкмөткө сокур ишенип, Кыргызстандын кызыкчылыктары толугу менен эске алынды деп башкы келишимге кол койгом», — деди ал.
Акаев эң негизги катасы катары 2003-жылы Кумтөр долбоорун реструктуризациялоого КР өкмөтүнө макулдук бергенин айтты. «Камеко корпорациясынын Кумтөр долбоорун реструктуризациялоо боюнча сунушу изилденгенде, мен, өлкөнүн президенти катары, өкмөткө акциялар адилеттүү бөлүштүрүлгөн учурда гана Centerra жаңы ачык компаниясына кирүү милдетин койгом. Менин жеке эсептөөлөрүм боюнча, биз Центеррадагы 40% дан кем эмес үлүшкө ээ болушубуз керек эле. Бирок, Кыргыз Республикасынын өкмөтү канадалык тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында келишимге кол коюп, Кыргызстан 30-33%гана үлүшү менен Centerrraга кирди. Кийинчерээк билгем, ошол учурда өкмөттүн документтери болгон, анын ичинде эл аралык эксперттердин корутундусу бар, алар өкмөт үчүн Кыргызстан үчүн ыңгайлуу шарттарда реструктуризациялоонун варианттарын сунушташкан. Мамлекет башчысы катары мен «Кумтөрдү» реструктуризациялоого макулдугумду бербешим керек болчу. Бирок ошол учурда өкмөт бул зарыл экенин белгилеп, мени ынандырды»,- деди ал.
Акаев кыргызстандыктардан каталары үчүн кечирим сурады.
«Урматтуу мекендештер, каталарым үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайм. «Кумтөр» долбоору боюнча кыргыз элинин үмүтүн актабаганы үчүн. Мунун баарын эске алып, мен тергөө менен толук кызматташам жана кызматташууну улантам. Бирок мен Кыргыз Республикасынын жараны катары жана мурунку президент катары каталарым үчүн өзүмдү күнөөлүү сезем жана дагы бир жолу чын дилимден кечирим сурагым келет»,- деди ал.