Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри кызматынан бошотулду

Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Ал кызматтан башка ишке өткөндүгү боюнча бошотулган. Анын кайсы ишке өткөндүгү азырынча айтыла элек.