Аскат Алагозов президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Алагозов Аскат Жумакадирович Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалды.

Аталган кызматты буга чейин аркалаган Эрбол Султанбаев Кыргыз өлкөсүнүн Беларустагы элчиси болуп дайындалды.