«Ата-Бейиттин» кызматкерлеринин маянасы 2 эсеге көтөрүлөт

2024-жылдан тарта “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин кызматкерлеринин маянасы 2 эсе көтөрүлөт, бул үчүн Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан каражат бөлүндү. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев соцтармактагы баракчасында билдирди.

“Альянс” фракциясы сунуш берип, маданият министри Алтынбек Максутов менен дагы сүйлөштүм. Тарыхый комплекстин директору Болот Абдрахманов кызматкерлердин айлыгы аз болуп, майыптарды иштетүүгө аргасыз болуп жатканын айткан эле. 2024-жылдан баштап “Ата-Бейиттин” кызматкерлеринин айлыгы 2 эсе көбөйтүлөт жана штаттык бирдик кошулат”, — деди эл өкүлү.