Социалдык тармактарда «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова менен укук коргоочу Рита Карасартованын сүйлөшүүсү делген аудио тарады. Аудиодон Сооронкулованыкы делген үн менен «Ата Мекен» партиясына эч ким кирбей жатканын, Өмүрбек Текебаев эмне кылат аны билбей турганын айтат. Ошондой эле буга чейин партияга учурдагы 5 депутат кирерин айтып жатканын, бирок алар кирбей калганын да кошумчалай кетет.
Сооронкулованыкы делген үн: — «Ата Мекендин» тизмесине эч ким кирбей жатат. Текебаев эмне кылат, билбейм. Эч ким жок.
Карасартованыкы делген үн: — Ошол эле Урмат кошкон салымын кайрадан «туугандарым кошкон» деп чыгарып кетти. Жаш болушканына карабай, бизге караганда терең ойлонуп, кайра акырын чыгарып алгандай кылып иштешет экен да.
Сооронкулованыкы делген үн: — Өткөндө жанагы учурдагы беш депутат кирет деп жаткан. Каныбек Иманалиев бир мандаттуу округ менен барам деп жатыптыр. Бахадыр (ред. Бахадыр Сулейманов) операция болуп, Германияда экен. Элестет, электораты бар эч ким кирбесе анан… Өмүрбек Чиркешовичке бүгүн айттым, бийликтин төрт партиясы чыгып атыптыр, шайлоо болбойт дедим. Дагы баягыдай болот. Мындай шайлоого биз катышпайбыз деп эле, шайлоого катышпай эле койбойлубу деп Текебаевге айтсам, ойлонуп калды. Эми билбейм.
Карасартованыкы делген үн: — Ооба, жакшы болмок. «Красивый жест» жасап, чыгып кетсек… Садырчылардын, Ташиевчилердин аракеттерин мыйзамдаштырбай… Оппозицияда ким калат? «Бүтүн Кыргызстан», «Социал-демократтар» барат. Алар да чыгып кетсе, анда сонун болмок. Бүт оппозиция чыгып кетсе, жакшы болмок.
11-сентябрда «Ата Мекен» жана «Реформа» коалиция түзүү боюнча меморандумга кол коюшкан эле.