Атыр Абдрахматова Акыйкатчы болуп шайланды

Жогорку Кеңеш 2-марттагы жыйынында Кыргызстандын Акыйкатчысын шайлады. Атыр Абдрахматова 50 добуш менен шайланды.

Буга чейин Жогорку Кеңештин “Ынтымак” фракциясы Акыйкатчы кызматына Турсунбек Акундун талапкерлигин сунуштаган. Ал эми “Ыйман нуру” фракциясы Атыр Абдрахматованын, Бакыт Узенбаевдин жана Мамат Момуновдун талапкерлигин сунушташкан. “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата Журт Кыргызстан” жана “Ишеним” фракциялары да Акыйкатчы институтунун жетекчилигине Атыр Абдрахматованын талапкерлигин көрсөткөн.