Атыр Абдрахматова: «УКМКда үчүнчү өлүм болгону ачыкталып, муну Камчыбек Ташиев да тастыктады»

«УКМКда үчүнчү өлүм болгону ачыкталып, муну Камчыбек Ташиев да тастыктаган». Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып билдирди.

«Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин өлүмү боюнча бизде ички иликтөө болду, анткени акыйкатчынын ишине нааразычылык болгон. Жыйынтык жакынкы күндөрдө чыгат. Комиссиянын ишине келсек, Казакпаев менен Асанбаевден тышкары УКМКда үчүнчү өлүм бар болгону да ачыкталып, муну Камчыбек Ташиев да тастыктады. УКМКнын убактылуу кармоочу жайы стандарттарга туура келбегени бул ачык эле болуп калды. Мен ал жакка биринчи жолу кирип чыктым. Байкаганым камералар тар жана дем алууга жакшы эмес экен. Видео жаздыруулар убактысына дал келген жок. Чынын айтайын, буга чейин УКМК десе, музыка коштолуп, шаан-шөкөт менен жасалган кармоо операцияларынын видеолорун, анда маска кийген кызматкерлерди көрүп, башкача элестетип жүрүпмүн. Атайын кызмат болгон соң, сааттай иштейт дегем. Тилекке каршы, андай эмес экен», — деди Атыр Абдрахматова.