Шаирбек Ташиев мандатын тапшырабы же тапшырбайбы? Өзүнүн жообу (видео)

«Позициямды расмий түрдө аягында айтам». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шаирбек Ташиев депутаттык мандаты тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Тапшырбайт деп койгула. Позициямды расмий түрдө аягында айтам», — деди ал.

23-январдагы маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев анын иниси мандатын тапшырарын айткан. Ал буга бир үйдө бир гана саясатчы болушу керек деген жүйө келтирген. 26-январда Шаирбек Ташиев мандатын тапшыруу боюнча фракция лидерине кайрылуу жөнөткөн. 27-январь күнү «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясы Шаирбек Ташиевдин мандатын тапшыруу чечимине түрткү болгон жагдайларды терең иликтөө жүргүзүү үчүн Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жолдогон.