Азербайжандын президенти Кыргызстанга келди. Кандай тосуп алышты?

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди. Аны “Манас” аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Ильхам Алиев Кыргызстанга 6-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги саммитине катышуу үчүн келди.